Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Ысык-Көл облусунун мусулмандар казысы Алмазбек ажы Сагындыковдун энеси дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Ысык-Көл облусунун мусулмандар казысы Алмазбек ажы Сагындыковдун энеси дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен облус казысы Алмазбек ажыга, үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына көңүл айтам.

Жараткан Алла Таала ар бириңиздерге бекем сабырдуулукту жана кайраттуулукту берсин. Алла Таалам маркум энебизди Өз ырайымына алып, күнөөлөрүн кечирип, жайын бейиштен берсин. Жараткан жалпыңыздарга сабыр берсин.