Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши Муфтияттын ишмердүүлүгүнө «Эң жакшы» деген бааларын беришти

Бүгүн, 2020-жылдын 15-февралында Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги жыйыны өттү.

Жыйынга Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басарлары Ниязали ажы Арипов, Фархат ажы Юсупов жана АКнын мүчөлөрү катышты.

Аалымдар Кеңешинин жыйынында Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязали ажы Арипов модераторлук кылып, күн тартибинде Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын отчетун угуу, жылдык иш планды бекитүү, “Ислам Вакф фондунун” башкаруу органынын жана байкоочу кеңешинин түзүмүн бекитүү жана ажылык, умра боюнча маалыматтарды алышып, бир катар маселелерди талкуулашты.

Андан соң Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин, КМДБнын Башкы эсепчиси Жеңишбай ажы Бекиев ошондой эле Борбордук Текшерүү Комиссиясынын 2019-жылда ичинде аткарган иш-аракеттеринин отчёту угулду.

Бардык отчёттор угулган соң Аалымдар Кеңешинин курамы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана Азирети Муфтийдин 2019-жылдагы ишмердүүлүгүнө «Эң жакшы» деген жогорку баасын берди.

Мындан тышкары 2020-жылга карата иш планы бекитилип, анын үстүнөн иштөө боюнча Азирети Муфтийдин орун басарларына, бөлүм башчыларына бир катар тапшырмалар жүктөлдү.