«Биримдик Токмок» жана Токмок шаарынын хатибияты Кордай аймагынан келген элге жардам беришти

Чүй облусуна караштуу Токмок шаарындагы ОО «Биримдик Токмок», Токмок шаарынын хатибияты жана Токмок шаарындагы мечит жана медреселер Казакстандын Кордай аймагынан убактылуу баш паанек алуу үчүн келген казак жарандарынан кабар алышып, аларга жардам беришти. Бул тууралу Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов маалымдады.

Анын айтымында, жардам иретинде казак жарандарына күнүмдүк керектелүүчү буюмдар, гигиеналык каражаттар, кийим-кечек жана ысык тамак менен жардам берилди.

«Мусулман – мусулмандын бир тууганы. Сыноо ар бирибиздин башыбызга келе турган нерсе. Ушундай учурларда биригип, маселени бирге чечкенге арекет кылсак, ниети бузук жамандардын ойлогон ой максаттары чачыранды болуп, ишке ашпай калат. Биз да Токмок эли колубуздан келишинче боордош элге жардам бердик. Бул жардам токтобостон азыр деле уланып жатат», — деди Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов.

Эскерте кетсек, февраль айынын башында Кордай районуна караштуу Масанчи жана Сартөбе айылдарында чыр-чатак чыгып, бир катар катаал учурлар орун алган. Мындан улам ал жактын тургундары  Кыргызстанга өтүп, баш калкалашкан. Алардын басымдуу бөлүгү дунган улутунан болушкан.