«Ынтымак» жаңы конушунда жашаган көп балалуу жалгыз бой энеге 10 мүшөк көмүр таратылды

Кечээ, 16-февралда Бишкек шаарындагы «Ынтымак» жаңы конушунда жайгашкан «Шаршенбай ажы» мечитинин жамааты жалгыз бой жашап, 5 баланы тарбиялап жаткан жалгыз бой энеге 10 мүшөк көмүр жардам көрсөтүп, батаасын алды.

Тагдырдын сыноосу менен башына келген ар кандай сыноолорго чыдап, балдарга татыктуу тарбия берип келе жаткан апанын мээнетин мактоого татыктуу иш экендигин баалаган мечиттин имам хатиби Жыргалбек каары Ишеналы уулу төмөнкүлөргө токтолду:

 «Аллах Таала жашоодо бизди ар кандай жол менен сынайт. Эң негизги нерсе ошол сыноолорго туруштук берип, Аллахтын ыраазычылын таба билүү»-деди Жыргалбек каары.