Ноокен районунда Ооган жоокерлерин эскерүү иш-чарасы болду

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун борборунда Ооган согушуна 31 жыл толгонуна байланыштуу Ооган жеринде курман болгон аскерлерине багышталып куран окулуп, эскерүү иш-чарасы болду.  

Эскерүүгө Ноокен районунун акими, бир катар  жетекчилер, аскер кызматкерлери жана Ноокен районунун баш имам хатиби Ашим ажы Абидинов катышты. Ооган жергесинде курман болгон жоокерлерге жана жарат алып келип ушул күнгө чейин курман болгондорго сообун багыштап, куран окулуп дуба кылынды.

“Эр жигит эл четинде жоо бетинде” дегендей. Мекен үчүн канын-жанын берген агаларыбызды Жараткан өз ырайымына алсын. Ал эми эсен-аман кайтып ушул күндө жашап жаткан агаларыбыздын өмүрлөрүн узун, ден соолуктарын чың кылсын”,деди баш имам хатиб.