Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Марс ажы Ибраев Нарында аялзатындагы үй-бүлөлүк баалуулуктар боюнча семинар өттү

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс ажы Ибраев Нарын шаарындагы Жумамүдүн Шералиев атындагы музыкалык мектебинде аялзатындагы үй-бүлөлүк баалуулуктар боюнча семинар өттү.

Семинарда үй-бүлөлүк баалуулуктар, ынтымак, турмушка даярдык көрүү, бала тарбиялоо, мусулман аялзатына үлгү катары Пайгамбарыбыз Мухаммед (С.А.В.) жубайлары, сахабалардын жубайлары өрнөк болоорун айтып өттү.

Үй-бүлөдөгү мыкты аял, эне дагы күйөөсүнүн, балдарынын дагы, жакындары, туугандарынын ичиндеги кир жаман нерселерин жууп тазалап жок кылат. Бизге жеткен жакшы таалим тарбиянын баары бул энеден, алардын аруулугу ыймандуулугу, өзүнөн чыккан жыпар жыттуу атыр жыттангандай таалим тарбия, жакшы адептүүлүктү өздөрүнө чычып турган. Курандын аяттары, ичиндеги амал кыла турган сыпаттардын баары, пайгамбарыбыз таштап кеткен жакшы жакшы осуяттардын баары энеден берилип турат»,- деди М.Ибраев

Семинардын аягы суроо-жооп форматында уланып, анда Марс ажы ирети менен жооп берди.