Кара-Суу районунун Агартуу айылында Куран жарышы болуп өттү

Кечээ, 16-февралда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Агартуу айылында Куран жарышы болуп өттү.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев катышып, Куран окуунун соопторуна токтолуп, айыл тургандарын тынчтыкка, ынмакка жана илим алууга чакырды.

«Ушул күнгө чейин эч өзгөрбөгөн, бузулбаган, эң ыйык китеп – бул Куран болуп эсептелет. Окусаң эселеп сооп алчу, жашооңо жол көрсөтүүчү, туура эмес жолго бассаң түздөөчү китеп – бул Куран. Андыктан ыйык Куран китебин текчелерге коюу менен эмес, окуп, түшүнүп, маани берип, акыл калчап жашообузда колдоно белели», — деди облус казысы Самидин кары Атабаев.