«Махмуд Кашкари» мечитинин имам хатиби Илёс ажы Абдувалиев Ислам дининин асыл баалуулуктары тууралуу баяндамасын жасады

Кечээ, 16-февралда Бишкек шаарындагы «Махмуд Кашкари» мечитинин имам хатиби Илёс ажы Абдувалиев Бишкек шаарындагы № 2026 чек ара кызматкерлери менен жолугушуп, салттуу Ислам менен радикалдуу кыймылдын айырмасы тууралуу баяндама жасап берди.

Анда негизинен ата бабаларыбыздын узак жылдардан бери тутунуп келе жаткан салттуу Исламдын негизги принциптерине басым жасалып, бүгүнкү күндө биздин мамлекет жана  дин башкармалык ошол жолду дагы да бекемдөөнүн үстүндө көп иштер жасап жаткандыгын айтты.

«Биз Орто Азия чөлкөмү, анын ичинде Кыргызстан Ханафи мазхабы жана Матуруди акыйдасынын негизинде калыптанган салттуу Ислам менен жашап келе жатабыз. Акыркы кездерде дүйнөнү дүрбөткөн радикалдык агым менен анын такыр байланышы жок»,- деди Илёс ажы.