Кара-Көл шаарынын борбордук мечитинде айымдар үчүн жоолук күнү белгиленди

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы борбордук “Мусаб бин Мусаиб” мечитинин залында кыз-келиндер арасында жоолук күнү белгиленди.

Иш-чарада кыз-келиндерге сабак берип келген Акылай Бекташева устаза хиджабдын мааниси жана зарылдыгы, анын шарияттагы орду жөнүндө айтып, айымдардын кызыктырган суроолоруна жооп берди.

“Хиджап-бул  биз талашып-тартышып талкуулай турган нерсе эмес. Алла Таала аял затына хиджапды Куранда парз кылган. Биз талкуулап күнөөкөр болбойлу. Азырынча жоолук салына албасак дагы парз экендигин моюнга алып, башкаларга дагы жоолуктун касиетин жеткирели”,-деди Акылай устаза.