Бишкек шаарынын казысынын орун басары имамдарга мечиттердин иш кагаздары боюнча түшүндүрмө берди

Бүгүн, 17-февралда Бишкек шаардык Борбордук мечитинде Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов калаанын имамдарына чакан жыйын өткөрүп, анда мечиттин документ иштерин туура толтуруу боюнча түшүндүрмө берди.

Имамдар менен болгон жолугушууда Эрназар ажы Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын отчеттук формасын толтуруу, ай сайын казыятка берүүчү отчетун туура жана так берүү тууралуу эскертүүлөрүн берди.

«Тактыктан өнүгүү болот. Ошондуктан биз имамдар ар дайым документ иштерине кылдаттык менен көңүл бурсак. Айрыкча казыяттын, Муфтияттын тапшырмаларын өз убагында аткаруу жана баш ийүү эң негизги маселе»,- деди Эрназар ажы.