Үй-бүлөдө эркек кишинин орду кандай болушу керек?

Кечээ, 16-февралда Нарын шаарындагы борбордук «Азирети Али» мечитинде жана Нарын эркек балдар медресесинин жыйындар залында Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Марс ажы Ибраев үй-бүлөлүк баалулуктар, үй-бүлөдөгү эркек кишин милдети туурасында семинар өттү. Семинарга Нарын шаарынын тургундары катышышты.

Семинардын жүрүшүндө, ислам, намаз, орозо, зекет, ажылык милдеттерди аткаруу. Ошондой эле семинардын негизги өтүлүүчү темасы болгон үй-бүлөдөгү эркек кишинин орду, анын милдеттери жана бүгүнкү күндүн эркектери кандай болушу керек экендигине кеңири токтолду.

“Үй-бүлө курууда эркек кишин орду өтө жогору турат. Үй-бүлө куруп аялын, балдарынын курсагын гана тойгузуу менен эркек кишинин милдети бүтүп калбайт. Коомчулукта өзүңөрдүн ишиңерге так болуп, башка адамдардын алкышына ээ болуп, үй-бүлөңөргө, аялдарыңарга, балдарыңарга корс, жаман мамиле кылуу туура эмес. Аялдарыңар, балдарыңар силерге жакшы мамиле кылуусу, бекем ынтымактуу үй-бүлө куруу үчүн өзүңөрдү ар тараптан өнүктүрүү менен үй-бүлөңөргө көңүл бургула”,- деди М.Ибраев.

Мындан тышкары семинардын аягы суроо-жооп менен аяктап, суроолорго Марс Ибраев жеринде жооп берди.