Ош шаарында “Исламда илим алуунун орду” деген темада тарбиялык саат өтүлдү

Бүгүн, 17-февралда Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу “Акбермет-Эне” мечитинин имам хатиби Эмирлан ажы Бообеков калаанын Жоро Атабаев атындагы №35 орто мектебинде “Исламда илим алуунун орду” деген темада тарбиялык саат өтүп, окуучуларды билим алуунун зарылдыгы тууралуу айтып өттү.

“Илимдин тамыры ачуу, мөмөсү таттуу дегендей эле кыйынчылыксыз ийгиликке жетпейсиң. Ал эми илимдүү адам дарак сыяктуу болуусу керек. Анткени дарактын мөмөсү көбөйгөн сайын жерге карай ийилип турат”,- деди Эмирлан ажы Бообеков

Тарбиялык сааттын жүрүшүндө окуучуларды кызыктыруу үчүн ар түрдүү методикаларды колдонуп, сабактын жыйынтыгында сыйлык катары китеп тапшырылды.