Ош шаарында ооганчыларды эскеришти

Бүгүн, 17-февралда Ош шаарында Ооган согушунан каза тапкан жоокерлерге багышталып Куран окулуп, эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Эскерүүгө Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, бир катар  жетекчилер, аскер кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

“Согуштан Кудайым өзү сактасын. Мына эр азамат жигиттер тынчтыкты камсыздап берүүдө. Тынчтык болсо, студенттер окуу жайларында окуп, иштеп үй-бүлө багат. Тынчтык болсо ибадатка, илимге убакыт болот. Тынчтыктын кадырына жетип Аллахка шүгүр келтирүүбүз керек”,-деди Убайдулла ажы Сарыбаев.

Эске сала кетсек, Ооган согушуна 7141 кыргызстандык аскер да катышкан. Алардын 300ү ошол жакта курман болгон, 1,5 миңдейи жараат алып, төртөөнүн дайыны азыркыга чейин белгисиз.