Бишкек шаардык казыяты шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен кызматташат

Бүгүн, 17-февралда Бишкек шаардык казыятында казынын орун басары Эрназар ажы Асатов мечит имамдары жана шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.  

Жыйында мечиттердин тазалыгына дыкат көңүл буруу, анын айланасын зыян келтирүүчү ар кандай жандыктарды тазалоо боюнча ич ара сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

«Мечиттердин айланасын ар дайым тазалап кармап турушубуз керек. Мечит- бул Аллахдын  үйү болуп эсептелет. Мындан ары санитардык-эпидемиологиялык борбордун кызматкерлери менен тыгыз кызматташып турмакчыбыз. Алар дагы өз сунуштарын айтышты»,- деди Эрназар ажы.

Ал эми аталган борбордун кызматкерлери коомдук жайларда, социалдык мекемелер менен тыгыз кызматташууга даяр экенин билдиришти.