Тиш дарыгерлери диний окуу жайлардын студенттерин акысыз текшерүүдө

Кечээ, 17-февралда Кыргызстан Ислам университетинин Ош колледжинде дарыгерлер студенттердин тиштерин акысыз текшерип, аларга кеп-кеңештерин беришти.

Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев дагы катышып, ден соолук ар бир адамга берилген аманат экенин баса белгиледи.

“Ош шаарындагы бардык диний окуу жайлардын студенттерин бул дарыгерлер бир дагы акы албай дарылап, текшерип беришти. Жараткан булардын ишине береке берсин. Ден соолук жакшы болсо, илим алуу, ибадат кылуу жана башка көптөгөн сооп иштерди жасоого мүмкүнчүлүк болот. Андыктан ден соолукту жаштайыңардан сактагыла,”- деди Убайдулла ажы Сарыбаев

Эскерте кетсек, буга чейин Ош шаарындагы жалпы диний окуу жайлардын студенттери үчүн атайын дарыгерлер тарабынан лекциялар уюштурулуп, анда тишке кантип кам көрүү керек, алдын алуу боюнча кеп-кеңештер берилип, тиштери жабыркагандарга акысыз дарылашкан.