Сузакда “Эне жана баланын ден соолугун коргоо” ооруканасын курууга имамдар жардамга келди

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Ырыс айыл округунда атайын айымдар үчүн «Эне жана баланын ден соолугун коргоо» ооруканасы курулуп бүтүп, оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

Үч кабаттан турган турган оорукана айымдардын саламаттыгы үчүн медициналык кызмат көрсөтүп, анда тажрыйбалуу дарыгерлер иштемекчи.

Аталган ооруканага Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаиловдун демилгеси менен районубузга караштуу бардык имамдар жардамга келип, ашар жолу менен кол кабыш кылышып, ички жасалгаларын жасашууда. Бул курулушта иштеп жаткан имамдарга айыл жашоочулары тамак-аш даярдап, ысык чайын берип жатышат.

Эскерте кетсек, курулуш иштерине кеткен чыгым Сауд Араб Падышачылыгы тарабынан колдоого алынып, ички жасалгасы жергиликтүү тургундар тарабынан ишке ашырылууда.