Манас районунда Ооган согушунун 31 жылдыгы белгиленди

Талас облусунун Манас районунда Ооган согушунун 31 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Ага Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев, Манас районунун акиминин биринчи орун басары Замир Курманалиев, баардык мекеме уюмдун жетекчилери, Ооган согушунун ардагерлери жана Пакровка айлынын мектеп окуучулары катышты.

Иш-чарада Ооган согушунан каза тапкандар эскерилип, аларга багышталып Куран окулду.

 “Мекенибизде согуш болбосун! Ынтымакта, биримдикте жашайлы. Тынчтык бар жерде ырыс бар, бири-бирибизге сый мамиле жасап, түшүнбөстүктөр болсо кечиришели. Ошондо гана дүйнөдө тынчтык орнойт”,-деди баш имам хатиб Миржалал ажы Дадабаев.

Эскерте кетсек, Ооган согушуна 7141 кыргызстандык аскер да катышкан. Алардын 300ү ошол жакта курман болгон, 1,5 миңдейи жараат алып, төртөөнүн дайыны азыркыга чейин белгисиз.