Талас шаарында жардамга муктаж 70 үй-бүлөгө бут кийим таратылды

Кечээ, 17-февралда Талас шаарынын баш имам хатиби Алтынбек Бешкемпировдун катышуусунда Талас шарынын тургуну жеке ишкер Ажыбай Байсалбаевдин демөөрчүлүгү менен муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү.

Кайрымдуулук жардамында атайын тизме менен көрсөтүлгөн 70 адамдын баарына жылуу бут кийим таратылды. Анын жалпы суммасы 100 миңди түзөт.

“Садака — бир гана каражат түрдө берүлүүчү нерсе эмес. Ислам дининде ар бир кайрымдуулук Аллахтын ыраазычылыгы үчүн берилген болсо, мындай жакшылыктын чоң-кичине ажырымы болбойт. Балким, ал багытта кичинекей жакшылык дагы көптөгөн баалуу нерселерден артык болот”, –деди Алтынбек Бешкемпиров.