Ноокат районунун Кулатов айылдык аймагында ысырапкерчилик менен күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бүгүн, 18-февралда Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Ноокат районуна караштуу Кулатов айылдык аймагынын жашоочулары  менен жолукту.

Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, Ош облустук казыятынын курулуш жана мечит адиси Абдималик Турсунбеков, Ноокат районунун баш имам хатибинин орун басары Бакытбек Рыскулов, мечит имамдары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Имамдар менен болгон жолугушууда Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев маркумду акыркы сапарга узатуунун милдеттери жана соопторуна токтолуп, айыл тургундарын той-аштарда орун алган ашыкчы чыгымдарды кыскартууга, элди ынтымакка жана биримдикке чакырды.

«Үй-бүлө бекем болсо, мамлекет бекем болот. Мамлекетибиз бекем болсо элдин жашоосу жакшырат. Акыркы кездерде «эл көрсүн» деп атаандашып той-топурларды, тажыяларда мал союп ашыкча ысырапкерчиликке жол берип жатабыз. Бул нерсени алдын албасак жаштарыбызга эле кыйын болуп, насыя алып, орто жолдо кыйналып жатат. Келгиле ушундай ашыкча чыгымдарды кыскарталы»,-деди Самидин каары Атабаев.