![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2020/02/20200214_104406.jpg)
Жалал-Абад шаарында жайгашкан №13 орто мектебинде зордук-зомбулукту алдын алуу, окуучулар арасында ар кандай терс көрүнүштөрдү болтурбоо жана билим алуунун зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү.
Аталган иш-чарага Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысынын орун басары Тунгатаров Бакытбек ажы, Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери, ата-энелер катышты.
Анда окуучулардын адеп-ахлагы, жүрүм турумуна көңүл буруу жана ата-энелерге бала тарбиялоодо кеп-кеңештер айтылды.
Иш-чаранын соңунда мектеп директору Кушбакова Элмира Абдиллаевна келген конокторго терең ыраазычылыгын билдирип, жаштарды тарбиялоодо биргеликте иш алып барууга даяр экендигин билдирди.