Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жаштарды ата-энени сыйлоого жана адеп-ахлактуу болууга чакырды

Кечээ, 18-февралда “Инсан таануу” коомдук бирикмеси тарабынан “Ата-энени сыйлоо жана адеп-ахлактуулук” аттуу семинар уюштурулду. Анын алкагында Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жаштарга акыл-насаатын айтып, аларды адептүүлүккө чакырды.

“Ата-энен сенин бейишин же тозогуң болуусу, ага жасаган мамилеңе байланыштуу. Акылдуу адам ата-энесине көзү тирүүсүндө кызматын кылып, дуасын алат. Анткени ата-энем өттү деп артынан жылкы сойсоңор деле тирүүсүндөгү кылган дуасына жетпейт,”- деди Убайдулла ажы Сарыбаев.

Айта кетсек, “Инсан таануу” коомдук бирикмеси 2016-жылы түзүлгөн. Бирикме жаштардын аң сезимин, адеп-ахлакка үндөөдө түрдүү багыттагы иш-чараларды уюштуруп келет.