Улут аралык ынтымакты бекемдөөдө Манас районунун имамдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Талас облустук казыятынын Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев Жайылган жана Үч Коргон айылдарынын имамдарын, аксакалдар кеңешинин төрагаларын кабыл  алды.

Жолугушуда көп улуттуу элдер жашаган  бул эки айылда,  жаштарга улут аралык ынтымакты бекемдөө үчүн ак сакалдардын акыл насааттары зарыл экенин имам хатиб баса белгилеп өттү. Ак сакалдарга жана имамдарга жер жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.

“Эл арасында улут аралык мамилени козуткандар дагы бар. Аларды алдын албасак болбойт. Карыялар кары сөзүн айтып, жаштарга жол көрөтүп турса коомубуз дагы түз жолго багыт алат”,-Миржалал ажы Дадабаев