Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Марс ажы Ибраев Нарын медресинин кыздар бөлүмүндө лекция өттү

Нарын шаарындагы Нарын медресесинин кыздар бөлүмүндө  Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Марс ажы Ибраев окуу лекциясын өткөрдү. 

Лекцияда билим, илим алуу абдан маанилүү экендигин айтып, өзгөчө  аялзатына зарыл экендигин, себеби бүгүнкү аялзаты эртеңки эне, бир үй-бүлөнүн очогу болоорун, илим билим алуу менен аялзаты өзүнө керектүү сапаттарга ээ болорун билдирди. Ошондой эле, бош убакытты, жаштыкты кандай өткөрүү керек экендигин, өзгөчө китеп окууга көңүл бөлүү керектигин баса белгиледи.

 “Илим, билим алууда чек жок. Сиздер бул жерден окуу менен катар диний дагы светтик дагы билимдерди алып жатасыздар. Мындай мүмкүнчүлүк мурда жок болчу. Ошол үчүн жакшы шартта түзүлгөн мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай илим, жетиштүү билим алганга аракет кылуу керек. Бош убакыттарда өзгөчө китеп окууга көңүл буруңуздар.  Буюрса жаштардын билим алууга, китеп окууга агылып жатканы Кыргызстандын келечеги кең экендигинен кабар берет”,- деди М.Ибраев

Лекциянын  аягы суроо-жооп менен коштолуп, суроолорго Марс ажы Ибраев жеринде жооп берди.