Жалал-Абад шаарындагы “Биби-Катыча” окуу борборунда айымдарга кол өнөрчүлүк боюнча окуу семинары уюштурулду

Кечээ, 18-февралда Жалал-Абад облустук мусулмандар казыятынын курамына кирген окуу борборлор  арасында айымдардын билимге, кол өнөрчүлүккө болгон умтулуусун жандандыруу,  келечекте элибизге  жакшы кызмат кыла турган сапаттуу адистерди даярдоо максатында көчмө семинар болуп өттү.

Көчмө семинар ачык сабак, кол өнөрчүлүк  жана  илимий таймаштардын негизинде  өткөрүлдү. Иш-чарага Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн адиси Арпидин ажы  Жороев жана казыяттын алдындагы кыз-келиндер окуу борборлорунун жетекчиси Айчүрөк Төрөбекова катышты.

Өзүңүздөргө маалым бир мезгилдер болгон мындай окуу борборлорду ачып окумак түгүл, намаздарын, орозо экендиктерин жашырышкан. Бизге берилген ушундай нематтарды баалай билип, тынч заманда , сапаттуу билим алып  келечекке балдарыбызга татыктуу тарбия берүүгө алган билимибизди жумшайлы”-деди Арпидин ажы.