Чолпон-Ата шаарынын тургундары ооганчыларды эскеришти

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата  шаарында мэрия жана Чолпон-Ата  шаардык хатибияты тарабынан Ооган соогушунун 31 жылдыгына арналган эскерүү аземи болуп өттү.

Ага согуш ардагерлери, Чолпон-Ата шаарынын мэри Талант Сарбагышев,  Ысык-Көл районунун акими Данияр Иманалиев, шаардык баш имам хатиб Абдыразак ажы Балтабаев жана шаар тургундары катышты.

Иш-чара шаардын борборуна атайын уюштурулган эскерүү аянтында болуп, атайын согуш ардагерлери үчүн орнотулган эстелике гүлчамбарлар коюлуп, Куран окулуп курман болгондорго дуа кылынды.

 “Бул иш-чара кийинки муундарга кандайдыр бир деңгээлде сабак болуп, мекенди сүйүүгө тарбиялоо болгон кадам”,- деди Абдыразак ажы.

Соңунда курман болгондордун үй-бүлөөлөрүнө, ошондой эле эмгек ардагерлерине зыярат кылышып,  сыйлыктар тапшырылып, ардагерлер үчүн атайын сый тамак уюштурулду.