Сабыр Абдырахманов: КМДБнын Нике каттоо журналы үй-бүлөнү бекемдөөдө абдан маанилүү

Кечээ, 18-февралда Баткен облусунун Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү тарабынан “Үй-бүлөнү бекемдөө жана сабырдуулук” деген темада жыйын болду.

Анда Кадамжай районундагы «Ак-Эшан ата»  медресесинин кызматкери Сабыр Абдырахманов үй-бүлөдө келип чыккан чыр чатакты алдын алуу, үй-бүлө баалуулуктары тууралуу өз оюн ортого салып, Нике каттоо журналы тууралуу буларга токтолду.

«Бүгүнкү күндө үй-бүлөдөгү  зордук-зомбулук, эрте никеге туруу жана кыз ала качуунун алдын алуу боюнча  Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы  тарабынан алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Ошонун бир мисалы катары “Нике каттоо” журналы иштелип чыгып ар бир имамга тапшырылды. Бул үй-бүлөнү бекемдөөдө абдан маанилүү”,-деди Сабыр Абдырахманов.