Балдарды коргоо жылына карата Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев билим берүү бөлүмүнүн башчысы Замирбек Маркашов менен пикир алышты

Талас облусунун Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев Манас районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Замирбек Маркашов менен жолугушту.

Жолугушууда жылдагыдай атайын түзүлгөн иш пландын негизинде мектептерде кылмыштуулукту болтурбоо, рэкетчилик, жаштар арасында терс көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча биргеликте түшүндүрүү иш-чараларды жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Баш имам хатиб быйыл балдарды колдоо жылына биргеликте кызматташууга даяр экенин, бүгүнкү жаштар эртеңки мамлекеттин башкаруучулары андыктан аларга туура таалим-тарбия берүү керектигин баса белгиледи.

Ал эми райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Замирбек Маркашов окуучуларга коомдогу терс көрүнүштөрдү алдын алууда дин кызматкерлеринин салымы чоң экенин белгилеп, бул жаатта дагы кызматташууга чакырды.

“Өткөн жылы хатибият жалпы имамдар менен биргеликте мектептерде адеп-ахлак боюнча тарбиялык сааттарды, жаштар арасында өз өмүрүнө кол салуу, мектеп рэкетчилиги сыяктуу терс көрүнүштөрдү алдын алууда дин кызматкерлери тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышты. Бул үчүн ыраазычылык билдирем. Быйыл дагы бул иш-чараны уланталы”, -Маркашов.