Дааватчылардын билим деңгээлин жогорулаткан сертификаттар тапшырылды

Бүгүн, 19-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын даават, үгүт насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмү даават жолунда жүргөндөрдүн билим деңгээлин жогорулаткандарга сертификаттарды тапшырды.

Бир айга созулган окууда жыңырган жылдын алгачкы тобунда өлкөнүн ар кайсы аймагынан келген 17 бүтүрүүчү аяктап, аларга сертификаттарды КМДБнын даават, үгүт насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Билалидин ажы Сайпиев тапшырды.

Окутуу иштери Ханафий мазхабынын негизинде жүргүзүлүп, 2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган диний чөйрөдөгү мамлекеттик концепциясын ишке ашыруу, Куран жана фыкх илими боюнча атайын дин аалымдары окутууларды жүргүздү.

Эми ушундай эле окуу курсу кийинки айга уюштурулуп, аларга дагы сертификаттар тапшырылмакчы.