Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек Орозалиев окуучуларды билим алууга жана китеп окууга шыктандырды

Нарын облустук казыятынын Нарын району боюнча баш имам хатиби Кумарбек ажы Орозалиев Нарын районундагы орто мектеп окуучуларына билим алууга жана китеп окууга чакырып, шыктандырды.

Жолугушууда Кумарбек ажы Орозалиев окуучуларды илим, билим алууга, китепти көп окууга, ыймандуу адептүү жаштардан болуу керектигин айтты.  Ошондой эле окуучулардын мугалимдерине окуучуларды китеп окууга шыктандыруу керек экендигин баса белгиледи.

“Билимдүү жаштар өлкөнүн келечеги! Бүгүнкү алып жаткан билимиңер эртеңки келечегиңердин пайдубалы. Силер өзүңөр сүйүп, кызыккан окууңарды окуу менен катар ошол тармактагы мыкты адистикке ээ болуп, өз ишиңерге так иштегениңер бул мамлекетке чоң салым кошконуңар. Окуудан тышкары убакытты пайдалуу өткөрүү үчүн спорт менен машыккыла, өзгөчө өзүңөрдү ар тараптан өнүктүрүүнү кааласаңар китеп окууга көндүргүлө. Анткени китеп окуган бала, киши эч качан жаман иштерге барбайт”,-деди  Кумар Орозалиев.  

Мындай жолугушуу иши “Билим Кербени”  долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, облус аймагындагы бардык билим берүү мекемелеринин окуучуларына, студенттерине, мугалимдерине жана ата-энелерге багытталган. Долбоордун максаты, өлкөнүн бардык орто жана жогорку билим берүү мекемелеринде окуган окуучуларга жана студенттерге атайын алдыга умтулууга шык (мотивация) берүү максатында жолугушууларды уюштуруу жана практикалык тренингдерди өткөрүү.