Талас облусу боюнча 2020-жылга карата ажылыкка 89 жаран катталды

Бүгүн, 19-февралда Талас шаарындагы “Чет тилдер багытындагы кыздар медресесинде” Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев облус аймагы боюнча 2020-жылга карата ажылыкка катталган жарандардын документтерин текшерүүгө алды.

Таалай ажы Бапиевдин айтымында, быйыл ажылыкка каталгандардын саны облусу боюнча 89 жаранды түзөт. Бул көрсөткүч өткөн жылдарга караганда көп.

“Элге ажылыктын  парзын жана ыйык милдетин жеткирүүдө түшүндүрүү иштерин жакшылап жүргүзүүбүз керек. Аларга карата түзүлгөн шарт жана документ иштерине дагы так болсо өзүбүзгө аларга дагы кыйынчылык жаратпайт”,-деди облус казысы.