Убайдулла ажы Сарыбаев : “Жегиле, ичкиле бирок ысырап кылбагыла”

Бүгүн, 19-февралда Ош шаарынын “Манас-Ата” муниципалдык башкармалыгы тарабынан №22 С. Шарипов мектебинин жыйындар залында “Ысырапкорчулукту алдын алуу” деген темада семинар болуп, анда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев өз баяндамасын жасады.

Жапалак аймагында буга чейин ысырапкерчилик менен күрөшүүдө эл менен тыгыз иштешип жатабыз. Шариятыбызда “жегиле, ичкиле бирок ысырап кылбагыла” деп айтылат. Анткени Жараткан ысырап кылуучуларды сүйбөйт”, – деди Убайдулла ажы Сарыбаев

Аталган семинарга “Манас-Ата” муниципалдык башкармалыгынын башчысы Азизбек Жеенбеков, мектеп директорлору, кварталдык комитет төрагалары жана укук коргоо органдары катышты.