Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын имамы өмүр сакчылары менен баарлашты

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөтүнүн имамы Мавлянбек ажы Полотов Сумсардагы аймактык ооруканада иштеген дарыгерлер менен жолугушуп, алар менен пикир алышты.

Жолугушууда алдын ала эмдөө,  сыркоологон учурда тиешелүү адистерге кайрылуу жана шарияттык негизде Куран аяттары менен дем салуу боюнча баяндамасын жасады.

Сиздердин калк үчүн кылып жаткан кызматыңардан Жараткан өзү ыраазы болсун. Элдин саламаттыгы чың болсо коомубузда оорулардын саны азайып, элдин жашоосу жакшырат. «Биринчи байлык — ден соолук» деп элибиз бекеринен айтпайт. Андыктан алты саныбыздын амандыгын тилейли”,-деди Мавлян ажы.