Майлуу-Суу шаарынын имамы окуучуларга тарбиялык саат өттү

Кечээ, 19-февралда Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков Майлуу-Суу шаарындагы №8 орто мектептин 8-9-класстардын окуучуларына тарбиялык саатын жана ак сакалдык акыл-насаатын айтып өттү.

Мусулман баласынын күнүмдүк турмушундагы ар бир кыймылдын адебине биздин сүйүктүү пайгамбарыбызда үлгүлөрү бар. Мугалим менен окуучунун ортосунда сактала турган адептерге көңүл бурушубуз керек. Ата-энеден кийинки эле биз урматтап-сыйлай турган бул биздин эже-агайларыбыз. Алардын сөзүн кунт коюп угуп, кийин өз турмушуңарга пайдалангыла,”-деди баш имам хатиб.

Сабактын соңунда окуучулардын кызыктырган суроолоруна жооп берсе, ал эми мектептин директору Алтынбү Мамырбаева өз ыраазычылыгын билдирди.