Кыргызстандагы диний окуу жайларынын мугалимдери квалификациялык билим деңгээлин жогорулатышты

Бүгүн, 20-февралда Бишкекте Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмү Кыргызстандагы диний окуу жайларында эмгектенген мугалимдердин квалификациялык билим деңгээлин жогорулатуу максатында 3 күндүк окуу семинарын өткөрдү.

Окуу семинарында лекторлор Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов жана Кувейт мамлекетинен чакыртылган лектор Атыфи Ибрахим Рифаъий сабак өтүштү.

Анда лекторлор мугалимдердин дин тутуудагы аша чабуучулуктун кесепеттери, мусулмандын чынчылдыгы, Курандын өзөктүү маселелери жана хадис, фыкх илиминин негиздери тууралуу айтышып, өз тажрыйбалары менен бөлүштү жана маалыматтуулугун бекемдешти.

Эскерте кетсек, мындай окуу семинары буга чейин түштүк аймагында уюштурулган. Жыйынтыгында жалпы 100 мугалим катышып, алардын баарына атайын сертификаттар тапшырылды. Семинардын демөөрчүсү “Исар” коомдук кайрымдуулук фонду.