Баткен облусунда дин кызматкерлери иш кагаздарын жүргүзүүнү үйрөнүштү

Бүгүн, 20-февраль  күнү Баткен облусунун мусулмандар казыяты жана КРнын ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү биргеликте уюштурган дин кызматкерлери үчүн иш кагаздарын жүргүзүү боюнча окуу семинары болуп өттү.

Аталган семинарга райондордун баш имам-хатибдери, диний окуу жайлардын мүдүрлөрү жана казыят кызматкерлери  катышышты.

Семинарды облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов ачып, өз сөзүндө мекеменин негизги жүзү иш кагаздары андыктан иш кагазын тартип эрежелерин үйрөнүп алуу аны ишке ашыруу зарылдыгына токтолду.

Ал эми КРнын ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов тарабынан дин тармагында иш кагаздарын жүргүүзүү процесстери, кат жазуунун эрежелери жана иш-кагаздарын каттоо боюнча чебер-класс өтүлдү.

Мындан сырткары райондук хатибчиликтердин атайын фирмендик бланктарын жасоо, буйруктарды, каттарды жазууда жана аткарууда  КРнын өкмөтү тарабынан бекитилип берилген типтүү нускаманын үлгүлөрү үйрөтүлдү.

Жыйынтыгында  Казынын орун басары Нуридин ажы Мамасабиров Коргоо Кеңешинин “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты” жөнүндө чечимин ишке ашыруу боюнча маалымат берип, райондук хатибчиликтер, диний окуу жайлар жана мечиттер кагаз иштерин жүргүзүүнү толук жолго коюуусу милдеттендирилди.