Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов баш имам хатибтерге жыйын өткөрүп, анда бир катар маселелер каралды

Чүй облусунда иш жүргүзүп жаткан хатибияттардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышуу жана имамдардын ортосундагы ынтымак-биримдикти бекөмдөө максатында Чүй облусунун мусуландар казысы Руслан ажы Жумагуловдун демилгеси менен уюштурулган көчмө жыйын болуп өттү.

Аталган көчмө жыйын Сокулук районунда уюштурулуп, ага Чүй казыятынын кызматкерлери, Чүй облусу боюнча терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Нурдин Сапаров, ДИМКнын Чүй облусу боюнча өкүлү Шүкүр Шерматов жана облустагы баш имам хатибтер катышты.

2 саатка созулган жыйында облус боюнча диний кырдаал талкууга алынып, негизинен төмөнкү маселелер каралды:

  1. «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо» жылына карата, айыл имамдары мектеп директорлору менен макулдашап, окуучулар менен жолугушуп, ачык сабактарды өткөрүү
  2. Мечит, медресе, коомдук жайлар жана мамлекеттик мекемелерде ишембилик жүргүзүү
  3. Намаз убакыттарын жөнгө салып, көзөмөлгө алуу
  4. Аймактагы каарылар, майыптар жана жетимдер үйлөрүнөн кабар алуу
  5. Жол эрежелери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
  6. КМДБ жана казыяттан чыккан буйруктарды өз убагында аткаруу
  7. Жума кутбаларын көзөмөлдөп, кыргыз тилине басым жасоо

Жыйын алкагында Нурдин Сапаров жана Шүкүр Шерматов мырзаларга сөз берилип, имамдар тарабынан берилген суроолорго жооптор берилди.

«Көчмө жыйын ай сайын ар бир райондо өтүп, ага атайын коноктор да чакырылат. Кеңешип кескен бармак оорубайт демекчи, облустагы диний кырдаалды казыят жана хатибият кеңешип, бир максатты көздөп иш алып барсак, ал сөзсүз натыйжалуу болуп, тез аранын ичинде чечилет. Максатыбыз мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошуп, туура таза динди элдерге жеткирүү», — деди Чүй казысынын орун басары Жоомарт ажы Абдырахманов.