Ала-Бука районунда ысырапкерчиликке бөгөт коюлду

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек ажы  Чыналиев аталган райондун  акиминин орун басары Асел Жунусалиева жана  райондун аксакалдар кеңешинин төрагасы Самат  Максымбеков менен жолукту.

Жолугушууда маркум узатуудагы жана тойлордогу ысырапкерчиликтерди жоюу туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында төмөнкүдөй чечимге келишкен.

“Биздин райондун аймагында жергиликтүү элдин сунушу жана колдоосу менен тажыядагы ысырапкерчиликтер бир топ жолго түшуп калды.  Мурдагыдай бейшембилик, кырктык, жылдык жана  жыртыш маселелери кыскарып тартипке келди. Бул ишти башка жетпеген айылдарда түшүндүрүү иштерине бир гана имамдарга гана эмес, айыл өкмөтү, аксакалдар дагы салымы кошушу керек”,-дейт баш имам хатиб.