Жалал-Абад: Кыргызстан менен Өзбекстанды бириктирип турган чоң жолдун жээгиндеги таштандылар тазаланды

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиевдин демилгеси менен Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн имамдары жана дааватчылар менен бирге районго кирүүчү негизги жолдун 15 чакырымын таштандылардан тазалашты.

Жазга жакын мындай ишембилик алгачкы жолу уюштурулуп жаткандыктан, жолдун айланасы таштандыга толуп, акыр-чикирлер көбөйүп кеткен.

“Ислам дини тазалыктын үстүнө курулган. Элибизде дагы “эшигин көрүп төрүнө өт” деген кеп бар. Өлкөбүзгө келген туристер дал ушул жол менен сапар алып, коңшу өлкөгө өтөт. Биз имамдар жамааты тазалыкты өзүбүздөн баштайлы деп бул иш-чараны жасап жатабыз”,-деди баш имам хатиб.