«Ким эмнеге жетишсе, жалаң гана адеп менен жетишет”,- Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек ажы Эсеналиев

Нарын облусунун Ак-Талаа  районунун Баетов айылындагы борбордук маданият үйүндө Ш. Бейшеналиев жана Э. Карасартов атындагы орто мектептердин окуучуларына жана ата-энелерге үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жол бербөө, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту болтурбоо жана экстремизмдин алдын алуу, укук бузуулардын, суицид туурасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлду.

Бул иш-чарага Ак-Талаа районунун администрациянын жетекчиси аким С. Кулубаевич, Нарын облусунун прокурору Б. Кыдырмышев, райондун прокурору А. Казиев, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Ж. Мамбетказиев, райондун баш имам-хатиби Акылбек ажы Эсеналиев, Ат-Талаа РИИБнин начальниги Ж. Талипов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К. Эсеналиев катышты.

Жыйында баш имам хатиб Акылбек Эсеналиев окуучуларды адетүүлүккө чакырып, «Ким эмнеге жетишсе, жалаң гана адеп менен жетишет. Ким эмнеден алыстаса, жалаң адепсиздик менен алыстайт» деген темада баяндамасын жасады.

Бүгүнкү өтүлүп жаткан мындай иш-чаралар, түшүндүрүү иштери, жолугушуулар болуп турганы жакшы. Ислам динибизде дагы жакшы адептүү болууга, балдарга туура тарбия берүүгө, жакшы кулк мүнөзгө ээ болууга чакырат. Ислам эч качан кылмыш кылууга, өзүнө зулум келтирүүгө үндөбөйт. Балдарыбыздын жакшы адептүү, тартиптүү болуусун кааласак аларга туура таалим-тарбия берүү менен адептүүлүккө үйрөтсөк коомубуз дагы ошондой болот”,-деди А.Эсеналиев.