Ош облусунан 24 зыяратчы Умра ибадатын аткаруу үчүн Сауд Араб Падышачылыгына жөнөп кетти

Кечээ, 24-февраль күнү Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулган умра ибадатын аткаруу үчүн «Ош» Эл аралык аэропортунан  Ош-Кувейт-Жидда багыты боюнча таңкы саат 4:00дө Сауд Араб Падышалыгына жөнөп кетти.

Кичи ажылык амалдарын аткаруу үчүн жөнөп кеткен зыяратчылардын курамында 24 жаран бар. Алар Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундары. Зыяратчыларга Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев өзү жетекчилик кылууда.

Зыяратчылар 15 күндө Сауд Араб Падышачылыгынын ыйык Мекке жана Медина шаарларында кичи ажылык амалдарын аткарышмакчы. Ошондой эле атайын окуу сабактары  дагы уюштурулуп, анда облус казысы ыйык жерге баргандан кийин  ар бир күндү кантип туура жана пайдалуу өткөрүү керектиги боюнча баяндамаларын жсамакчы.