Ош облусунун казысы Самидин каары Атабаев Индия мамлекетинде уулун дарылатып келген жарандан кабар алды

Бүгүн, 25-февралда Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев жана Ал-Бухарий ислам интитутунун ректору Абдирахман каары Атабаев менен биргеликте Ош шаарынын тургуну Нуркамил уулу Асилбектен уулунан кабар алды.  

Анын уулу Индия мамлекетинде эки көзүнө операция жасалып, медициналык жардам көрсөтүлгөн.

 «Ден соолуктун кадырын ооруган жан гана билет. Бул туурасында Пайгамбарыбыз (с.а.в.) «Адамдардын көпчүлүгү баркына жетпеген эки нерсе бар. Алар ден соолук жана бош убакыт» деп айткан. Жараткандын берген нематтарына шүгүр кылалы», — деди Самидин каары Атабаев.

Соңунда каарылар жардамга муктаж Асилбектин үй-бүлөсүнө акчалай жардам көрсөтүп, мындан ары уулунун амандыгын тилеп, ар тараптан жардам берүүгө даяр экенин билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин Асилбек Нуркамил уулунун 2 көзү азиз болгондуктан анын уулу ымыркай кезинен эки көзү жабыркап, коомчулуктун жардамына муктаж экендиги айтылган. Учурда баланын абалы жакшы.