ЖАРЫЯ! Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы I “Куран жазы” аталышындагы республикалык Куран жарышын өткөрөт

Үстүбүздөгү жылдын 12-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун “Ак-Тайлак ата” борбордук мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан республикалык I “Куран жазы” аталышындагы Куран жарышын өткөрүлөт.

Эртең, 26-февралдан 28-мартка чейин бардык облустук жана шаардык казыяттар өз аймагындагы Куран жаттатуу медреселеринин окуучулары жана жалпы эле Куран жаттоо менен алектенип жүргөн каарылардын арасында тандоо конкурсу өткөрүлүп, андан жеңип чыккандар республикалык Куран жарышына катышууга жолдомо алышат.

КУРАН ЖАРЫШЫНЫН ТҮРЛӨРҮ:

1.         Куранды толук (30 пара) тилават тажвиди менен жатка билүү

2.         Курандын үзгүлтүксүз (20 пара) тилават тажвиди менен жатка билүү

3.         Куранды үзгүлтүксүз (10 пара) тилават тажвиди менен жатка билүү

ЖАРЫШКА КАТЫШУУЧУНУН ШАРТТАРЫ:

1.         Кыргызстандын жараны болуусу

2.         Бул жарышта, жарыштын бир эле түрү боюнча катыша алат

3.         Жарыштын бир түрүнө катталып, жарыш башталганда башка түрүнө өтүүгө болбойт

4.         Жарышка катышып, сынак маалына келгенде баш тартууга тыюу салынат

5.         Катышуучулардын саны чектелбейт.

КУРАНДЫ ЖАТКА АЙТУУ БОЮНЧА АЙМАКТАР АРАЛЫК ФИНАЛДЫК ТАНДОО ЖАРЫШЫНЫН ГРАФИГИ:

1.         Ысык-Көл облусу    —  10-март

2.         Нарын облусу —  12-март

3.         Талас облусу — 14-март

4.         Баткен облусу — 17-март

5.         Ош облусу — 19-март

6.         Жалал-Абад облусу — 21-март 

7.         Ош шаары – 24-март

8.         Чүй облусу – 26-март

9.         Бишкек шаары – 28-март

БАЙГЕЛЕР:

10 ПАРА БОЮНЧА:

  • 1-орун -100 000
  • 2-орун -70 000
  • 3-орун 50 000

 20-ПАРА БОЮНЧА:

  • 1-орун -150 000
  • 2-орун -100 000
  • 3-орун 80 000

30-ПАРА БОЮНЧА:

  • 1-орун -200 000
  • 2-орун -150 000
  • 3-орун 100 000

КУРАН ЖАРЫШТЫН ЖАЛПЫ ФОНДУСУ — 1,5 МИЛЛИОН СОМ.

Байланыш телефондору: 0558500806, 0770644438, 0773671225, 0708383840