Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сайдилла ажы Сайдакматов 42 жыл дин кызматын аркалаган

Баткен облусунун Баткен районундагы Дара айыл өкмөтүнө караштуу Кайынды айылында жашаган, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери  Сайдилла ажы Сайдакматов 42 жыл айылда имамдык кызматты аркалаган. Азыр анын жолун уулу Абдулаким ажы Сайдакматов улантууда. Уулу  Баткен шаарындагы “Таква” мечитинин имамы.

Абдулаким ажы Сайдакматов атасы тууралуу буларга токтолду.

“Атам  учурда  98 жашта. Ал 1941-жылы мекенди коргоо максатында согушка аттанып, Каленинград шаарында Каленин фронтунда болгон. Согуштун апаатынан сол колунан жараат алып, төрт манжасы жакшы иштебейт. Ошондой болсо да баскан турганы тың”,-дейт Абдулаким ажы Сайдакматов.

Сайдилла ажы Сайдакматовдун 1 кыз, 5 уулу жана 50дөн ашуун небереси бар.