“Ааламдашуу доорунда балдардын адеп-ахлагына, алардын таалим-тарбиясына көңүл буруу зарыл”- Ат-Башы районунун баш имам хатиби Абдулла Тахиров

Нарын облустук казыятынын Ат-Башы району боюнча баш имам хатиби Абдулла Тахиров Кара-Булуң айылындагы А.Искендеров мектебинин мүдүрү Молдосун Казаков менен жолукту.

Жолугушууда баш имам хатиб окуучулардын адеп-ахлагы туурасында, бала тарбиясы, китеп окуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ошондой эле окуучуларга атайын китеп окуунун пайдасы тууралуу биргелешип семинар өтүү боюнча макулдашышты.

“Азыркы ааламдашуу учурунда балдардын адеп-ахлагына, алардын таалим-тарбиясына көңүл буруу зарылдыгы келип чыкты. Балдарды өзгөчө китеп окууга шык берүү, аларга китеп окуунун пайдасы тууралуу окуу, семинар, лекцияларды биргеликте өткөрүп балдардын жакшы таалим-тарбия, адеп-ахлагына көңүл буралы”,-деди Абдулла  Тахиров

Мындан тышкары баш имам хатиб Ат-Башы районундагы Терек-Суу, Жаңы-Күч айылдарында болуп, аталган айылдардагы мечиттердин абалы менен таанышып келди.