Кочкор районунун тургундарына үй-бүлөлүк баалуулуктар боюнча семинар өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 24-февралында Нарын облусунун Кочкор районунун тургундарына  Кыргызстан Ислам университетинин окутуучусу Шермухаммед Ташматов үй-бүлөлүк баалулуктар боюнча семинар өттү .

Семинарда Шермухаммед Ташматов үй-бүлө, ата-энеге кылган мамиле, жолдошуна болгон мамиле, бала тарбиясы, турмушка чыга элек кыздарга турмушка чыгууга даярдануу, эркек кишинин үй-бүлөдөгү ролу,  жылмаю, китеп окууга көңүл буруу боюча кеңири токтоло кетти.  

“ Азыркы учурда эң маанилүү нерселердин бири бул турмуш курууга, үй-бүлө күтүүгө, ага даярдык көрүү зарылдыгы келип чыкты. Бул жерде отурган турмуш кура электерге айта кетээрим ыймандуулукка, жакшы кулк мүнөздүү болууга, адамдар менен мамилени түзө билүүгө басым жасаңыздар. Көп учурда тарыхий, адабий, диний, дүйнөлүк классикалык чыгармаларды окуңуздар. Азыр китеп басмаканалар дээрлик көп издеген китебиңизди таба аласыз. Китеп окуу менен жан-дүйнөңүздү байытып, өзүңүздөрдү ар тараптан өнүктүргөн болосуздар. Ошондой эле үй-бүлөңүздөр менен биргеликте китеп окууга басым жасаңыздар”,- деди Шермухаммед Ташматов

Ошондой эле Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети менен биргеликте уюштурган  «Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу боюнча семинарга келгендерге түнүндүрүү иштерин жүргүздү.

Маалымат үчүн айта кетсек, конкурс имам Бухаринин «Мусулмандын адеби» жана Пайгамбарыбыздын (САВ) өмүр таржымалы тууралуу жазылган «Фыкх ас-Сира» аттуу китептердин негизинде өткөрүлөт.

Конкурска катышууну каалагандар 2020-жылдын 1-мартына чейин тизмеге катталуусу керек. Сынак 2020-жылдын 4-апрелинде облустардын борборлорунда жана Бишкек шаарында өткөрүлөт.