Чоң-Алайдын баш имам хатиби Эрмекбай ажы Ташбеков балдарды коргоо жылына имамдарга тийишттүү тапшырмаларды берди

Ош облусунун Чоң-Алай районунун баш имам хатиби Эрмекбай ажы Ташбеков районго караштуу бардык мечит имамдарына жыйын өткөрдү.

Жыйында аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата аткарылуучу иштер каралды.

Мындан сырткары имамдарга умра ибадатын уюштуруу, айлык отчетторду өз убагында жеткирүү жана нике журналдары менен иштөө, балдарды коргоо жылына алгылыктуу иштерди аткаруу боюнча тапшырмалар берилип, айрым имамдарга эскертүүлөр берилди.