Чоң-Алай районунун баш имам хатиби Эрмекбай ажы Ташбеков диний билимге ээ болгон мугалимдерге жыйын өткөрдү

Ош облусунун Чоң-Алай районунун баш имам хатиби Эрмекбай ажы Ташбеков Чоң-Алай  районундагы диний билимге ээ болгон мугалимдерге жыйын өткөрдү. Жыйында аялдар үчүн китеп конкурустарын уюштуруу жана аялдар үчүн мавлюд кечесин өткөрү маселеси каралды.

Жыйында Эрмекбай ажы динди туура жеткирүүдө аялдардын орду чоң экенин баса белгилеп, алар менен тыгыз иш алып баруу зарылчылыгына токтолду.

«Элибизде таамай айтылган накыл сөзү бар. «Аял жакшы эр жакшы, вазир жакшы хан жакшы» деп. Биздин келечегибизди түптөй турган жаштарыбызды дал ушул аялдар тарбиялайт. Аялдарга динди жеткирүү учурдун талабы», — деди Эрмекбай ажы Ташбеков.