Ат-Башы районунун тургундарына «Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу боюнча маалымат берилди

Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургундары менен Кыргызстан Ислам университетинин окутуучусу Шермухаммед Ташматов жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Шермухаммед Ташматов район тургундарына үй-бүлө, ата-энеге кылган мамиле, жолдошуна болгон мамиле, бала тарбиясы, турмушка чыга элек кыздарга турмушка чыгууга даярдануу, жылмаюу, китеп окуу жана өткөрүлүп жаткан «Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу  боюнча кеңири токтоло кетти.

«Сиздер билесиздерби дүйнөдөгү эң бактылуу адамдар, эң бай адамдар, эң акылдуу адамдар булар китеп окуган адамдар экен. Ата-энеси, биртуугандары, коомчулук менен мамиле кылууну билген адамдардын дээрлик көпчүлүгү китеп окуган адамдар экен. Китеп окуган адам ар тараптан өңүгүп ар тараптан өзүн жетиштирген адам, бардык маалыматка эгедер болуп акылы тунук болот. Ошол эле китеп окуу менен өзүбүздү ар тараптан өнүктүрүү керек. Коомчулукта кадыр барктуу, үй-бүлөңүздө балдарыңыздар ыймандуу, адептүү билим болуусу үчүн балдарыңыздар менен бирге  көп көптөн адатка айлынтып китеп окуңуздар”,-деди Шермухаммед Ташматов

Маалымат үчүн айта кетсек, конкурс имам Бухаринин «Мусулмандын адеби» жана Пайгамбарыбыздын (САВ) өмүр таржымалы тууралуу жазылган «Фыкх ас-Сира» аттуу китептердин негизинде өткөрүлөт.

Конкурска катышууну каалагандар 2020-жылдын 1-мартына чейин тизмеге катталуусу керек. Сынак 2020-жылдын 4-апрелинде облустардын борборлорунда жана Бишкек шаарында өткөрүлөт.