Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов коронавирусту алдын алуу боюнча болуп өткөн жыйынга катышты

Ош облусунун Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов  район аймагындагы жетекчилердин катышуусунда коронавирусту алдын алуу боюнча жыйынга катышты

Иш-чарага Араван районунун акиминин орун басары Музаффар Мамасаидов, ИИМдин өкүлдөр, айыл өкмөт башчылары жана тажрыйбалуу медицина кызматкерлери катышты.

Иш-чарда Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов Ислам   дининде тазалыктын орду чоң экенин баса белгилеп, аталган илдетти алдын алууда биргеликте иш  алып баруу зарылчылдыгына токтолду.

«Ислам дини —  аруу, тазалыктын дини. Тазалык ыймандын жарымы деп бекеринен айтылбаса керек. Кудай да сактанганды сактайт. Мындай учурда бардык мекемелер биргеликте иш алып баруу зарыл», — деди Алибек ажы Жусупов.