Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев имамдардын февраль айындагы ишмердүүлүгү боюнча кабар алды

Талас облустук казыятынын Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев имамдардын февраль айындагы ишмердүүлүгү боюнча отчетун кабыл алды.

Жолугушуда имамдарга “Усуль Аль-Фикх” китебин таратып, кийинки айда аткарыла турган иштердин аткарылышы тууралуу маалыматтарды берди.

Мындан тышкары ысырапкорчулук, эл менен тыгыз иштешүү, ар кандай терс көрүнүштөрдү алдын алууда биргеликте иштешүүгө чакырды.